• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги Олимпиада оюндарына катышуусун жыйынтыктады

Спорт 0

Бишкек, 31.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына катышуусун жыйынтыктады.

Эрлан Шеров 90 кг салмак категориясында 1/8 финалда испаниялык спортчу Тристани Мосахлишвили менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты.

Буга чейин Эрлан Шеров 1/16 финалда кубалык Силва Моралез менен кез келип, аны утуп алган.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

Пикир

Оставить комментарий