Бишкек, 15.02.24./Кабар/. Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Имандос Бектенов Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Спортчу ПП-60 версиясы боюнча катышып, жалпы 572 упай чогулткан.
Белгилей кетсек, Дүйнө кубогу жаштар жана чоңдор арасында Испаниянын Гранаде шаарында өтүүдө. Ага 48 өлкөдөн келген жалпы 400 спортчу катышууда.
Мелдеш 10-18-февраль күндөрү өтөт.
Пикир
Оставить комментарий