Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Парижде өтчү Олимпиада оюндарына катышат

Спорт 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Ош шаарынын тургуну, дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, ал мекендештеринин арасында эң жогорку рейтингге ээ болгон дзюдочу катары Эл аралык федерациянын эрежеси боюнча Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Белгилей кетсек, буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло байге утуп, быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алган.

Пикир

Оставить комментарий