• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Еревандагы ЕӨАК жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Еревандагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Атап айтканда, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • "Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-июнундагы №8 буйругунун 4-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйрук;
  • "Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 2030-жылга чейин өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары жөнүндө" чечим;
  • "Евразия экономикалык биримдигинин товарларынын жалпы биржа (уюшкан) рыногун түзүү концепциясын бекитүү тууралуу" буйрук;
  • "Евразия экономикалык биримдигинин жалпы электр энергия рыногунда маалымат алмашуу эрежелерин бекитүү тууралуу" чечим;
  • "Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин 2024-2026-жылдарга макулдашылган транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы ("жол картасы") жөнүндө" буйругу;
  • "Жарандык авиация тармагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн айрым маселелери жөнүндө" буйругу;
  • "2023-жылга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын которуу жана бөлүштүрүү жөнүндө" буйрук;
  • "Евразия экономикалык биримдигинин сотунун жана Евразия экономикалык комиссиясынын финансылык-чарбалык ишине аудит жүргүзүү жөнүндө" буйрук;
  • "Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө" буйрук;
  • "Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" буйрук.

Пикир

Оставить комментарий