• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

ЕАӨБ Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын курууну каржылайт

Экономика 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Күн мурун Москва шаарында Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын Экономика жана коммерция министирлиги жана Энергетика министрлиги менен биргеликте “Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча үч тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Бул жагымдуу кабардын артында Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошо турган долбоорду ишке ашыруу максаты турат. Бул биринчиден, Кыргызстандын аймагындагы дарыялардын табигый гидропотенциалын пайдалануу менен энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу, өлкө үчүн энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүдөгү жалпы республикалык энергосистеманын маанилүү компоненттеринин бири болот. Экинчиден, Көкөмерен дарыясында Суусамыр — Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу стратегиялык, экономикалык жана социалдык мааниге ээ боло турганы талашсыз.

Долбоор Жогорку Кеңештин 2024-жылдын 27-июнундагы №2317-VII токтому менен бекитилип, 2035-жылга чейинки Улуттук энергетикалык программага киргизилген. Каскаддын ГЭСтеринин, тактап айтканда үч ГЭСтин алдын ала белгиленген кубаттуулугу 1305 МВт. Аны ишке ашыруу республиканын керектөөчүлөрүнүн электр энергиясына болгон учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүн канааттандырууга жардам берет жана парник газдарынын эмиссиясын азайтат.

Түзүлгөн меморандум Евразия өнүктүрүү банкынын финансылык колдоосу менен зарыл документтерди, анын ичинде инвестициялык долбоорду андан ары ишке ашыруу максатында алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга багытталган. Келишимде Банк менен министрликтердин биргелешкен иши долбоордун финансылык-экономикалык моделинин варианттарын иштеп чыгууга, капиталдык чыгымдардын өлчөмүн жана аны ишке ашыруунун социалдык жана экологиялык кесепеттерин баалоого, долбоордун негизги техникалык чечимдерин аныктоого жана аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик колдоо чаралары каралган.

"1,3 ГВт кубаттуулуктагы Суусамыр-Көкөмерен каскады ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдоодо чоң кадам болот. Бул масштабдуу долбоор өлкөнүн электр энергиясына болгон ички керектөөсүн гана камсыз кылбастан, аны региондогу таза энергиянын алдыңкы экспорттоочуларынын бирине айлантып, экономиканы олуттуу түрдө чыңдап, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп билдирди Кыргызстандын экономика министринин орун басары Санжар Болотов.

"Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу" долбоору региондогу суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө салым кошууга багытталган. Бул долбоор Евразия өнүктүрүү банкынын "Борбордук Азиянын суу-энергетикалык комплексинин" негизги инвестициялык мегадолбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу банктын 2022-2026-жылдарга Кыргызстандагы гидроэнергетикалык кубаттуулукту, ошондой эле электр инфраструктурасын модернизациялоо жана куруу боюнча өлкө стратегиясына ылайык келет.

Келишим ишке ашып, Көкөмерен дарыясындагы ГЭСтер курулуп калса, бул долбоор өлкөдөгү “жашыл экономика” концепциясына ылайык келип, экономиканын өсүшүнө, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга салым кошот. Ошол эле учурда айлана-чөйрөгө болгон тобокелдиктерди азайтат.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий