ЕАЭБ – көп полярдуу дүйнөнүн өсүп келе жаткан уюлуна айланууда

Аналитика 0

Евразиялык экономикалык уюм көп полярдуу дүйнөнүн өз алдынча жана өзүн-өзү камсыз кылган интеграциялык уюлуна айланууда. Аталган уюмдун ушул күндөрү белгиленип жаткан 10 жылдык мааракесине утурлай жалпы жыйынтыктарды чыгаруу жана ЕАЭБди андан ары өнүктүрүү пландары талкууланууда. Саясатчылар менен эксперттер мамлекеттер аралык биримдик жашоого жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун көрсөткөнүн айтышууда.

Пайдасынан зыяны көп болуп жаткан тышкы факторлордун таасирине карабастан, биримдик туруктуу бойдон калууда, ага кирген өлкөлөрдүн экономикасынын бардык негизги көрсөткүчтөрү өсүүдө - сооданын көлөмү көбөйүүдө, калктын жашоо деңгээли жогорулап, азык-түлүк коопсуздугу толук камсыздалууда, инфляциянын деңгээли төмөндөп, улуттук валюталар өз позициясын сактап калууда. Бул натыйжага өнөктөштөрдүн өз ара так аракеттенүүсүнүн аркасында жетишилди. Биргелешкен аракеттер менен өндүрүштүк кубаттуулуктар түзүлүп, жаңы жеткирүү түйүндөрү пайда болду, ыңгайлуу транспорттук коридорлор иштелип чыгып, салынууда. Бул дос өлкөлөргө жана элдерге мурдагыдан дагы көп пайда алып келе турган интеграциянын ишенимдүү негизи болуп саналат. Пайдубал гана эмес, алдыдагы ондогон жылдарга туруктуу өнүгүүнүн багыты түзүлүүдө.

Жеңиш күнүнүн алдында Москвада өткөн ЕАЭБдин мааракелик саммитинде уюмга кирген өлкөлөрдүн лидерлери аткарылган иштердин жыйынтыгына баа берип, кемчиликтерди жана өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Россиянын президенти Владимир Путин 10 жыл ичинде биримдикке кирген өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы 1,6 трлн доллардан 2,5 трлн долларга чейин өскөнүн, ал эми үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүү 60%га, башкача айтканда 579 млрд доллардан 923 млрд долларга чейин өскөнүн белгиледи. Өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда улуттук валютадагы эсептешүүлөрдүн үлүшү 90%ды түзөт.

Россия лидери ЕАЭБде көптөгөн соода жана административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча бир топ биргелешкен иштер аткарылганын, бул товарларды эркин эркин өткөрүүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк бергенин баса белгиледи. “Биз акыркы он жылдын ичинде биздин бирикдик өнүгүп келе жаткан көп полярдуу дүйнөнүн көз карандысыз жана өзүн-өзү жетиштүү камсыздаган борборлорунун бири катары таанылганын канааттануу менен белгилейбиз”, - деди Владимир Путин.

Биримдиктин жакынкы келечектеги эң маанилүү милдети Евразиянын транспорттук алкагын өнүктүрүү болуп саналат. Мында континенттин ар кайсы бөлүктөрүнүн ортосунда эң кыска аралыкта чоң көлөмдөгү жүктөрдүн өтүшүн камсыз кылган инфраструктура түзүлүүдө. "Эл аралык Түндүк-Түштүк коридорунун долбоору боюнча иштер активдүү фазага кирди, ал биздин өлкөлөрдүн продукциясын Перс булуңунун жана Инди океанынын жээгиндеги портторго түз жеткирүүгө мүмкүндүк берет", - деп баса белгиледи Россиянын президенти.

ЕАЭБ башкалардан обочолонбостон, бардык кызыкдар өлкөлөр менен сапаттуу жаңы жана адилеттүү экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрөт. Өзбекстан Евразиялык биримдикте байкоочу статусуна ээ жана долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууда, Иран, Сербия жана Монголия менен соода келишимдери бар. Куба, Венесуэла, Индия жана башка бир катар өлкөлөр биримдикке зор кызыгуусун көрсөтүшүүдө. Бирок, мындан башка бүтүндөй дүйнө ЕАЭБ Кытай менен өз ара аракеттенүүнү кантип кураарына, экономикалар кантип жана кандай принциптерге таяна турганына көз салышууда. Евразия мейкиндигин өнүктүрүү концепциясы “Бир алкак, бир жол” демилгеси менен деталдуу шайкеш келтирилгенде гана планетадагы эң чоң континентте чексиз мүмкүнчүлүктөрү, эбегейсиз адамдык капиталы жана эң бай, чексиз жаратылыш ресурстары бар дээрлик эң чоң өнүгүү мейкиндиги пайда болот.

Кытай менен көп тараптуу байланыштарды орнотуу жана чыңдоо боюнча иштер көп жылдардан бери жүрүп жатат, бирок азыр өз ара аракеттенүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине өтүүгө даярдык көрүү өзгөчө маанилүү. Мындай теманы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Москвада өткөн саммитинде көтөрдү.

“Бул жагынан алганда, ЕАЭБ менен Кытайдын “Бир алкак - бир жол” демилгесин байланыштыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилегим келет.

Кыргыз Республикасы мүчө мамлекеттердин транспорттук байланышын жогорулатуу үчүн чоң күч-аракеттерди жумшоодо, анын ичине “Түндүк-Түштүк” транспорттук коридорун өнүктүрүү да кирет.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча долбоордук иштер активдүү фазада турат.

Кытай Эл Республикасы менен жаңы өткөрүү пункттарын ачуу жана иштеп жаткан өткөрүү пункттарынын кубаттуулугун кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Мындан тышкары, Биримдиктин бажы чек арасындагы Кыргыз Республикасынын бардык 14 өткөрүү пункттарын иретке келтирүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу толук камсыз кылынды", — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти ошондой эле кесиптештеринин көңүлүн өлкөлөр ортосунда товарларды ташууда айрым тоскоолдуктар мезгил-мезгили менен пайда болуп жаткандыгына жана ЕАЭБде каржы инфраструктурасы азырынча анча ишенимдүү эмес экендигине бурду.

“Биз кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишеним мейкиндигин түзүшүбүз керек.

Товарлардын жүрүү жолунда жагымдуу шарттарды түзүү жана административдик чыгымдарды кыскартуу боюнча аракеттер туруктуу жана тынымсыз мүнөздө болууга тийиш. Муну менен катар, биздин өлкөлөрдүн каржы системаларына сырттан кысым көрсөтүүнүн натыйжасында келип чыккан эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө барган сайын ачыкталып жаткан татаалдыктар - ЕАЭБдин өз ара жана тышкы соодасын өнүктүрүүдө чектөөчү факторлордун бири болуууда.

Биз соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда ЕАЭБ рыногунун катышуучуларынын керектөөлөрүн камсыз кылып, колдой ала турган финансылык инфраструктураны бекемдөөнүн үстүндө иштешибиз керек”, - деди Жапаров.

Аймактык транспорттук системалардын байланышы жана жүк агымынын диверсификациясы континенталдык Евразияда логистиканы кыйла жөнөкөйлөтүп, деңиздерге чыгууну ачат. Бирок, бул инфраструктуранын баары дем алып, кыймылдашы үчүн биргелешкен саясий жана дипломатиялык чечимдер керек. Казакстандын президенти геосаясий аныксыздыктын шарттарында туруктуу өнүгүү формуласын табууга көңүл бурууну сунуштады.

“Биз бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып, биримдикти түзүүдө коюлган милдеттерди чечишибиз керек. Баарынан мурда кеп Экономикалык биримдиктин негизги принцибинин — товарлардын эркин жүрүшүн толук ишке ашыруу жөнүндө болуп жатат. Биз чыныгы бирдиктүү жана системалуу иштеген тоскоолдуксуз ички рынокту түзүшүбүз керек. Жашыруун чектөөлөрдү, “чекиттик чечимдерди” жана кол менен башкаруунун ар кандай түрүн колдонуу практикасын толугу менен жок кылуу маанилүү. Бул Евразиялык экономикалык комиссиянын ишинин абсолюттук артыкчылыгы болушу керек деп эсептейм”, - деди Касым-Жоомарт Токаев.

Казакстандын лидери кызматташуунун горизонтторун кеңейтүүнү сунуштады, бирок аймактык кызматташтыктын мүмкүнчүлүгүн ачууга чек арадагы тоскоолдуктар дагы эле кедергисин тийгизүүдө.

“Тарифтик саясатты жана бажы жол-жоболорун шайкеш келтирүү, ошондой эле бирдиктүү евразиялык санариптик коридорду түзүү аркылуу “кемчиликсиз” логистиканы түзүү маанилүү. Практикалык чара катары биз QR-коддорду колдонуу менен бардык жүк ташуу документтерин аралыктан текшерүү жана санариптик документтерди өз ара таануу механизмин ишке киргизүүнү сунуштайбыз”, — деди Казакстандын башчысы.

Беларусь президенти Александр Лукашенко ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрдү Евразиядагы интеграциялык долбоорлор менен чектелбөөгө чакырды. Анын пикиринде, Латын Америкасы жана Африка өлкөлөрүнүн ичиндеги өнөктөштөр менен активдүү диалогду баштоого мезгил жетти. “Биз анын (ЕАЭБ) биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары өнүгүүсүн жана заманбап дүйнөдө экономикалык жактан алдыга чыгуунун чыныгы уюлуна айланышы үчүн жооптуубуз”, - деди Александр Лукашенко.

Системалык аналитик Бактыбек Саипбаев белгилегендей, ЕАЭБде ыңгайлаштыруу чындап эле оор, айрыкча сырттан тынымсыз “төөнөгүч” салып жатышканда. Эмгек рыногун, капиталды жана технологияны айкалыштыруу керек деген түшүнүк бар, бирок ал биз каалагандай активдүү эмес. “Биздин аймактын тарыхый перспективасы жагынан башка мүмкүнчулүк жок. Биздин аймактын тарыхый көз карашы боюнча альтернатива жок. Же биз континенттин эң ири экономикалык державалары Кытай менен Россиянын ортосундагы бардык жолдордун кесилишинде гүлдөгөн аймакка айланып баратабыз. Эгер биз бул жолдон адашсак, караңгы келечекке туш болушубуз мүмкүн. Ошондо биз Афганистан көп кылымдар бою чөмүлүп келген атмосферага сүңгүп кетебиз. Борбор Азияда башка варианттар көрүнбөйт.

Евразиялык экономикалык биримдик - бул өсүү жана кристаллдашуу чекити, ал жерден макрорегиондун калыптанышы башталат. ЕАЭБ акырындык менен жакшы мааниде, оң өзгөрүүлөрдүн толкунунда дагы эле ишенимсиз жана этияттык менен четте тургандарды өзүнүн орбитасына тартат. Дүйнө абдан тездик менен өзгөрүүдө, ошондуктан интеграциялык процесстер да байкаларлык ылдамдап баратат. Менин оюмча, бул биздин өлкөлөрүбүздү сырттан бөлүп-жарууга жана бизди бири-бирибизге каршы коюуга жол бербөөнүн бирден-бир жолу”, - деди Саипбаев.

Эксперттик чөйрөлөрдүн өкүлдөрү евразиялык интеграциянын мүмкүнчүлүктөрү түгөнгүс, ал континенттин алыскы бөлүктөрүн бириктире турган жаңы транспорттук коридорлор аркылуу ачылат деген пикирде. Бул өнөр жайдын, энергетиканын бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө, жаратылыш ресурстарын өздөштүрүүгө түрткү берет.

Азыртадан эле ЕАЭБ мунай продуктулары жана азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздайт. Айыл чарба мүмкүнчүлүктөрү ушунчалык чоң болгондуктан, өнөктөш өлкөлөр өз муктаждыктарын толугу менен канааттандырып, жарым миллиарддан ашык адамды бага алышат. Башкача айтканда, келечекте аймак жашылча-жемиштердин, дан эгиндеринин жана эттин эң ири экспорттоочусу болуп калышы мүмкүн.

Саясат таануучулардын баамында, Евразиялык биримдик үчүн 10 жыл – калыптандыруучу этап, азырынча өнүгүүнүн пайдубалы гана түптөлдү. Бирок, пайда болгон келечектүү багыттарды эске алганда, геосаясий турбуленттиктин шарттарында андан аркы интеграцияга багыттын альтернативасы жок.


"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий