• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылууга багытталган документтер жактырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кыргызстанга ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылууга багытталган документтер жактырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экспорттук потенциалды жогорулатууну, Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу, эсепке алынган датаны аныктоо максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 261-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды:

– Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартиби;

– Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу (мындан ары – товарларды эсепке алуу пункттары) жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата товардык коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз –СМR, же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттарында мамлекеттик контролду (санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык, транспорттук) жүргүзүү боюнча координациялоочу орган болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы аныкталды.

Товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган мамлекеттик органдарга товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине тартылган кызмат адамдарынын күнү-түнү нөөмөтүн камсыз кылуусу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий