• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында курулуп жаткан "Батыш" РЭТтин имаратына капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Ош шаарында курулуп жаткан "Батыш" райондук электр тармагынын (РЭТ) имаратына капсула салынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Батыш" РЭТтин имаратына капсула салуу аземине катышты.

Райондук электр тармактарынын жаңы имараты президенттин тапшырмасы менен Ош шаарынын тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу максатында курулат.

Доскул Бекмурзаев 8-февралда мамлекет башчысынын катышуусунда Бишкек шаарындагы Түндүк РЭТинин ачылышы болгонун билдирди.

"Мындай объектилердин курулушу Кыргызстандын энергетикасы өнүгүү жолунда бара жаткандыгын жана ошондой эле анын мамлекетибиздин экономикалык жактан өнүгүшүнүн негизи болууга чоң мүмкүнчүлүгү бар экендигин далилдейт. Ал үчүн бизде баары: элдин колдоосу, көрө билүүсү жана өлкө жетекчилигин дарамети жетиштүү" - дейт министр.

Ошондой эле ал "Батыш" РЭТинин курулушу үстүбүздөгү жылдын 31-августунда аягына чыгарыларын билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаарынын тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери 1967-жылы курулган эски имаратта жүргүзүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий