• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

ЕАЭБ мейкиндигинде жаңы “Евразияны тааны. Кыргызстан” долбоору башталат

Коом 0

Бишкек, 30.09.24. /Акназик Тургунбаева- Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын октябрь айында “Евразияны тааны. Кыргызстан” долбоору старт алат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Евразия" коммерциялык эмес автономдуу уюмунун кеңешенин төрайымы Алена Аршинова билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен "Евразия" АНО салттуу баалуулуктардын платформасына кошулуу боюнча түзүлгөн келишимдин алкагында уюштурулуп жатат.

“Евразия" АНО - улуттар аралык байланышты өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырган коммерциялык эмес уюм. Долбоорлор абдан ар түрдүү, бирок алардын баары көп маданияттуу коммуникацияларды колдоого багытталган. Биздин мамлекеттердин жалпы тарыхы бар, ошондуктан жалпы маданий код жоголбоосу, балдарыбыз жакшы кошуна болуп чоңоюшу, бири-бирин урматтоого жана тынчтыкта жашоого үйрөнүшү маанилүү. Ооба, ар бир улуттун өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрү бар, бирок өз ара мамилеси андан да кызыктуу. Россия ачык өлкө. Эл биз жөнүндө маалымат каражаттары аркылуу эмес, жеке өзү келип, баарын өз көзү менен көрүшү каалайбыз. Бул биздин жалпы келечегибиз үчүн абдан маанилүү", - деди Алена Аршинова.

Өз кезегинде КР билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүүдө чек ара жок, билим берүүнүн алдыңкы жетишкендиктерин, педагогикалык технологияларын алуу жана жеткирүү Билим министрлигинин түздөн -түз милдети экенин кошумчалады.

"Кыргызстанда жашаган окуучуларбыздын жана балдарыбыздын, орус тилинде жана кыргыз тилинде эркин сүйлөөсүнө кам көрүү алардын базалык укуктарынын бири болуп эсептелинет, анткени ал Конституцияда белгиленген. Муну эске алуу менен билим берүүдөгү кызматташуунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн, ар дайым мектеп жана илим жаатындагы кесиптик проффесионалдык билим берүү багыты боюнча ар дайым натыйжалуу платформаларды уюштуруу. Биздин мугалимдер үчүн Евразия өлкөсүндөгү мамлекеттердин арасында билим берүү туризмин уюштуруу, ошол эле учурда бул өлкөлөрдүн билим берүү жетишкендиктери, ийгиликтери жана тажрыйбалары менен таанышып өзүбүздүн өлкөбүздө пайдалануу", - деди министр.

Ал эми КР Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Винера Раимбачаева “Евразияны тааны. Кыргызстан” долбоору өлкө үчүн маанилүү иш-чара экенин айтып, бул долбоордун алкагында жаштарга абдан көп мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий