Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. “Евробиримдик - Борбор Азия” экинчи экономикалык форуму Казакстанда өтөт. Бул тууралуу “ЕБ - БА” биринчи экономикалык форумунун жүрүшүндө президенттин администрация жетекчиси – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров форумду жыл сайын мүчө өлкөлөрдүн борборунда өткөрүү чечилгенин айтты.
“Өз кезегинде форумдун катчылыгы Бишкекте уюштурулуп, биринчи форумдун жыйынтыгына көз салып, кийинкилердин ишин координациялайт”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий