• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Тери Хакала: Евробиримдик инвестициянын ири булагы катары КРдагы абалды өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ

Экономика 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Европа Биримдиги инвестициянын ири булагы катары Кыргызстандагы абалды өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тууралуу “Европа Биримдиги – Борбор Азия” биринчи экономикалык форумунда Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала билдирди.

Анын айтымында, бул соода жана экономикалык мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.

“Мен бүгүн биз аймактар аралык экономикалык диалогду түзүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр жана COVID-19 пандемиясынан кийин калыбына келтирүү контекстинде жаңы туруктуу экономикалык программалар кандай түзүлөрү тууралуу докладдарды угабыз деп ишенем”, - деди ал.

Муну менен катар Хакала Евробиримдик Борбор Азиянын ишенимдүү өнөктөшү болуп эсептелерин айтып, катышуучуларды эгемендиктин 30 жылдыгы менен куттуктады.

“Евробиримдик сиздердин реформалоо жолуңуздарда бирге болгонуна сыймыктанат”, - деди ал.

Жыйынтыгында ал 2018-жылы кабыл алынган ЕБ жана БА кызматташтык программасы кызматташтыкты жана аймактык диологду бекемдөө катары табылганын эске салды.

“Стратегия биздин негизги максатыбызды баса көрсөтөт: аймактын жашоо-туруктуулугун көтөрүү жана гүлдөтүү. Ошентип, бүгүнкү форумдун алкагында биз экономикалык жана санариптик трансформацияны илгерилетүү үчүн биргелешип эмне кыла аларыбызды, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын фонунда Борбордук Азиядагы инвестициялык жана бизнес климатты кантип жакшырта аларыбызды талкуулашыбыз керек. Кененирээк талкуулар ар кандай европалык демилгелер, анын ичинде ЕБ Жашыл келишим, санариптик күн тартиби, эки тараптуу жана көп тараптуу программалар 2021-2027-жылдардын күн тартибине кандай салым кошо аларын талкуулоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Мындан тышкары, ЕБ жеке сектору тарабынан сунушталган жаңы демилгелер жана технологиялык чечимдер жана алар биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кандайча колдоо көрсөтөрү тууралуу кенен талкуу болот”, - деген ишенимин билдирди Хакала.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Евробиримдик менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери ЕБ-БА биринчи экономикалык форумун өткөрүүнү макулдашкан. Ошентип, 2020-жылдын декабрь айында онлайн форумдун алкагында бүгүнкү форумдун күн тартибинде 3 багыт белгиленди: жашыл экономика, санариптештирүү жана бизнес-климат.

Пикир

Оставить комментарий