Эдил Байсалов: Футбол бүт өлкөнү бириктирип, дем берет

Өкмөт 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын тосуп алууга арналган иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2027-жылы өтө турган Азия кубогуна ийгиликтүү жолдомо алып, 2026-жылкы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 3-туруна өткөн.

Эдил Байсалов улуттук курама команданы, машыктыруучулар штабын жана футбол федерациясын акыркы жетишкендиктери менен куттуктады.

"Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундуна чыгуу учурда кыргыз футболунун тарыхындагы эң чоң жетишкендик болуп калды. Биз өз командабыз менен сыймыктанабыз. Футбол бүт өлкөбүздү бириктирип, шыктандырат. Мамлекет жетекчилигинин саясатынын ийгилигинин аркасында азыр Кыргызстанда улуттук курама команданы жогорку деңгээлде кармап турууга гана эмес, стадиондорду жана футбол аянтчаларын курууга, мектептерди ачууга, балдар жана массалык спортту өнүктүрүүгө ресурстар бар экендиги кубандырат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий