Эдил Байсалов Жалал-Абадда бир катар соцобъекттердин ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана региондун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү социалдык объектилердин ачылыш аземине катышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анын ичинде Ноокен районунун Достук айылындагы жаңы китепкана жана мектепке чейинки билим берүү мекемеси, Кочкор-Ата шаарындагы Н.Исанов атындагы лицейдин спорт залы, №14 орто мектептин 250 окуучуга ылайыкталган кошумча имараты бар.

"Билим берүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Биз ар бир бала жана өлкөбүздүн ар бир тургуну сапаттуу билим алып, толук кандуу жашоо үчүн зарыл болгон социалдык жеңилдиктерди ала ала турган шарттарды түзүүгө аракет кылабыз", - деди Эдил Байсалов ачылыш аземде.

Пикир

Оставить комментарий