• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 9-февралга карата Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу ЖЭБдин башчысы Алпбек Садыров билдирди.

Анын айтымында, учурда ЖЭБдин жалпы активдүү кубаттуулугу 295 МВт түзүп, 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.

"Бишкекжылуулуктармактары" ишканага өндүрүп берилген суунун температурасы 63 градуска чейин жетүүдө.

"ЖЭБдин кубаттуулугунун төмөндөшүнүн себеби аба ырайынын жылыгандыгына байланыштуу “Бишкекжылуулуктармактыры” канча көлөмдө жылуулук сураса, ЖЭБ ошончо кубаттуулукта иштейт", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий