• 87
  • 90.41
  • 0.84

Эгемендүүлүк күнү 10 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактайт

Коом 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-августта Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароосу министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда өттү.

Ведомстводон билдиргендей, саптык кароо 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналып, Мамлекеттик гимндин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды.

"Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдарды өткөрүү учурунда ИИМдин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби боюнча республика боюнча салтанаттуу иш-чараларга ички иштер органдарынын 10 миңден ашык кызматкерлери тартылып, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы жана Канай уулу Байтик Баатырдын 200 жылдыгына карата өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өтөт.

Пикир

Оставить комментарий