• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Эгемендүүлүккө 33 жыл. Чикагодо дипломатиялык кабыл алуу уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Американын Чикаго шаарында Кыргызстандын Эгемендигинин 33 жылдыгын белгилөөнүн алкагында дипломатиялык кабыл алуу уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага АКШнын мамлекеттик органдарынын, дипломатиялык корпусунун, кыргыз диаспорасынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Келген конокторго өлкөнүн жетишкендиктерин, тарыхын, маданиятын чагылдырган Кыргызстан тууралуу видеоролик тартууланды. Кабыл алуу программасы кыргыздын улуттук бийлерин жана элдик музыкаларын камтып, анда салттуу кол өнөрчүлүктүн, улуттук кийимдердин жана маданий буюмдардын кичи көргөзмөсү уюштурулду жана конокторго өлкөнүн бай мурастары менен тереңирээк таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Куттуктоо сөзүндө менен Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулу Болотбек Борбиев бул майрамдын ар бир кыргызстандык үчүн маанилүүлүгүн жана Кыргызстандын 33 жылдык көз карандысыздыктагы жетишкендиктерин баса көрсөттү. Ал ошондой эле быйыл кеңири белгиленип жаткан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин маанисин да белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Индиана штатынын Мамлекеттик катчысы Диего Моралез да сөз сүйлөп, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык жана эл аралык мамилелердин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөрүн билдирди. Ошондой эле Иллинойс штатынын башкы прокурору Кваме Рауль жана Чикаго шаарынын мэри Брэндон Джонсондун куттуктоо каттары окулду.

Саамалык Чикагодо жашаган кыргыз ишкерлеринин колдоосу менен өткөрүлдү.

31-августта Кыргызстандын Башкы консулдугу Чикагодогу кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган Эгемендик күнүнө арналган пикникке да катышты. Иш-чаранын алкагында кыргыз музыкасы жаңырып, спорттук мелдештер жана ар кандай чыгармачыл номерлер көрсөтүлүп, мекендештердин арасында кубаныч жана биримдик атмосферасы түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий