• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эки кыргызстандык Түштүк Кореяга көргөзмөгө барышып, мекенине кайтуудан баш тартышты

Коом 0

Бишкек, 01.10.18 /Кабар/. Элгиз Рысалиев жана Бекжан Мирбеков аттуу эки кыргызстандык жарандар Сеул шаарында өткөн “Import Goods Fair” эл аралык көргөзмөсүнө катышкан. Бирок Кореянын миграциялык мыйзамын бузуп, мекенине кайтып келишкен жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги билдирди.

КРнын Тышкы иштер министрлигинин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине шилтеме кылып берген маалыматына караганда, Элгиз Рысалиев жана Бекжан Мирбеков “Кыргызстандын курорттор ассоциациясын” тааныштырышы керек болчу.

“Бирок тилекке каршы, Э.Рысалиев жана Б.Мирбеков Кореяга барып, аталган өлкөнүн миграциялык мыйзамын бузуп, мекенине кайтып келишкен жок. Алардын бул кадамы корей бийлигинин КРнын мамлекеттик органдарына болгон ишенбөөчүлүгүн жана негативдүү мамилесин чакырат”, - деп айтылат элчиликтин тараткан маалыматында.

Элчилик Кыргызстандын мамлекеттик органдарын республиканы чет жердеги эл аралык иш-чараларда тааныта турган талапкерлерди тыкыр тандоого чакырды.

Иш-чарага Кыргызстандан жергиликтүү өндүрүштү чыгаруу боюнча бир нече компания катышкан. Анын ичинде “КРнын курорттор ассоциациясы бар”. Аталган уюм Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан сунушталган.

Элчилик бул мамлекеттик кызматкер Кореяга барып мыйзам жана башка эрежелерди бузган биринчи учур эмес экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий