• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Эгер мектепке электрондук каттоонун экинчи этабында бала 1-класска кабыл алынбай калса эмне кылуу керек?

Билим 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эгер мектепке электрондук каттоонун экинчи этабынан кийин бала 1-класска кабыл алынбай калса эмне кылуу керектиги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, өткөн жылдын август айында экинчи этаптан кийин райондук билим берүү бөлүмдөрүндө комиссия түзүлүп, алгачкы эки этаптан кийин мектепке барбай калган балдардын маселесин караган.

"Бул жылы дагы ата-энелерден келген билдирүүлөргө жараша комиссия түзүлөт, бул үчүн райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылуу керек", - деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

Ошондой эле ал өткөн жылы биринчи класска катталбай калган бир дагы учур болбогонун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий