• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Туризм бизнесинин өкүлдөрү Үрүмчү шаарындагы көргөзмөгө катышууда

Аймак 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын туризм бизнесинин өкүлдөрү Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясынын көргөзмөсүнө жана IV жазгы жарманкеге катышууда. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты.

Эл аралык көргөзмөгө катышуу – туризм бизнесин колдоонун эң натыйжалуу жолу жана делегациянын иш-чараларга расмий катышуусу эки тараптуу туруктуу өнүгүүнү талкуулоо жана өлкөлөр ортосундагы туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн мыкты аянтча катары кызмат кылат.

Эл аралык көргөзмөгө Кытайдын ар кайсы аймактарынан келген туристтик компаниялар катышууда.

“Кыргызстандын павильону келген коноктор арасында абдан кызыгуу жаратууда. Кыргыз тараптын өкүлдөрү туристтик дараметти жигердүү көрсөтүүдө, ошондой эле мындан аркы кызматташуу үчүн байланыштарды түзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий