• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда кесиптик лицейлерде трак айдоочуларын окутуу пландалууда

Билим 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда кесиптик лицейлерде трак айдоочуларын окутуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Билим берүү министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Кыргыз-Америка логистика тейлөөсүн өнүктүрүү боюнча ассоциациясынын (KAADLS).ишин жыйынтыктоо боюнча жолугушууга катышты.

Жолугушуунун катышуучулары жүк ташуучу автомобилдердин (трак) айдоочуларын окутуу, аларды АКШда эмгекке орноштуруу, жумушчу визаны тариздөөгө көмөктөшүү маселелерин талкуулады.

Гүлнур Мамырова билдиргендей, кесиптик лицейлерде айдоочуларды окутуу үчүн автомобиль керек болууда. Ошондой эле ал маалымдагандай, экзаменди жумуш берүүчүлөр кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий