Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Россиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстандын Эгемендигинин 33 жылдык мааракесине жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган кыргызстандыктардын арасында волейбол жана кичи футбол боюнча турнирлер өттү.
ТИМден билдиришкендей, спорттук иш-чаралар Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун колдоосу менен уюштурулуп, ага Екатеринбург, Тюмень жана Москва шаарларынан келген 30дан ашуун команда катышты.
Башкы консул Максат Тентимишов мекендештерди майрамдары менен жылуу куттуктап, азыркы Кыргызстандын жетишкендиктери тууралуу айтып берип, кыргыз жарандарын жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сактоого чакырды.
Турнирлердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине кубоктор, медалдар, грамоталар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий