• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эки колунан ажыраган, ырчы болууну кыялданган кичинекей Бибигүлгө жардам керек

Коом 0

Бибигүл Абдубанаева 3,5 жашында эки колунан ажыраган.

Каргашалуу окуя 2008-жылы болгон. Бибигүл көчөдө ойноп жүрүп ачык турган көмөк чордондо токко урунган. Алган күйүктөрүнөн улам эки колун тең кесүүгө туура келген. Андан бери 10 жыл өттү. Кыздын ата-энеси бул жылдар аралыгында жашоонун оош-кыйыштарына туш болушту. Учурда Бибигүл мектепте окуйт жана эң башкысы – анын кыялы бар.

“Мен ырчы болууну кыялданам, концертимди апама арнагым келет”, - деди ал “Кабар” агенттигине берген маегинде.

“Мага ырдаган аябай жагат. Мен атайын апам үчүн ырдап бергенде ал ыйлаган. Классташтарым мен жакшы ырдаарымды айтышкан. Мен чоңоюп, ата-энеме ар дайым жардам бергим келет”, - дейт ал.

Бибигүлдүн апасы Жылдыз Абдуманаева кыз толук кандуу жашоо образы менен жашаарын айтып берди.

“Ал мектепте окуйт. Тилекке каршы, сабактарда ал жазбайт. Бирок ал муну оозу менен же буттары менен жасай алат. Кызым уялгандыктан үйдө же өзүнчө бөлмөдө жазат. Ал орточо окуйт. Ал сүрөт тартып, тигүүчүлүктү дагы жакшы көрөт. Үйдө менин тигүүчү машинам бар, кызым мага жардам берет”, - деп кошумчалады кыздын апасы.

2010-жылы Бибигүлдүн ата-энелери протез койдуруу үчүн Италияга барышкан.

“Бирок ал протез бизге туура келбей калган. Бүгүн биз манжаларын кыймылдата ала турган протез тапкыбыз келип жатат. Биз Кыргызстанда ушундай протездерди жасайт деп уктук, бирок кайсы жерде экенин билбей жатабыз. Анын үстүнө ал кымбат турса керек”, - деди Жылдыз Абдуманаева.

Бибигүлдүн үй-бүлөсүндө 4 бала бар. Мектепке эң кичүүсү гана бара элек. Үй-бүлөнү атасы гана баккандыгы үчүн, протез табылса деле акчасы жетпей калат.

Ушундан улам Жылдыз Абдуманаева кайдыгер карабаган адамдардан кызына жардам берүүнү суранат. Бибигүлдүн апасы менен 0772 63 75 78, 0707 63 75 78 телефондору аркылуу байланышууга болот.

Бибигүл Бишкек шаарындагы №42 мектепте окуйт.

Кабар КУМА

Пикир

Оставить комментарий