Эксперт ЕАЭБдин Кыргызстандын экономикасына тийгизген пайдасы жөнүндө айтып берди

ЕАЭБ 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Быйыл Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Аталган биримдик алгач Россия, Казакстан жана Беларусь өлкөлөрүнүн ортосунда товарларды бажы пункттарынан көзөмөлсүз жана тоскоолдуксуз өткөрүү максатында уюштурулган. Кийин ага Кыргызстан менен Армения кошулду. Учурда ЕАЭБге бир катар өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан өзгөчө кызыгуусун билдирип, байкоочу өлкө катары катышууда.

Экономика жаатындагы эксперт Эркин Абдразаков "Кабар" агенттигине аталган биримдиктин экономикалык жактан тийгизген пайдасы тууралуу айтып берди.

Эксперт белгилегендей, ЕАЭБге кирүү менен Кыргызстан эл аралык нормаларга туура келген товарларды бажы пункттарынан тез жана тоскоолдуксуз алып өтүп, аткезчилик жолу менен ташууну жокко чыгарып, экономикага пайда алып келүүдө.

"Муну ЕАЭБге мүчө-өлкөлөр менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн бир кыйла өскөндүгү менен тастыктай алабыз. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө иштеген мигранттарыбыз үчүн иштөө шарттары жакшырып, ал жактан пенсиялык төлөм алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу майды, курулуш материалдарын жана башка товарларды пошлинасыз импорттоп жатабыз", - деди ал.

Мындан тышкары, Абдразаков биримдиктин алкагында түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу үчүн Кыргызстан айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүшү керек экенин кошумчалады.

"Биздин экологиялык таза продукцияларыбызга кызыккан өлкөлөр өтө көп. Ошондуктан Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлдөрү жана өкмөт дагы өлкө кызыкчылыгын коргоо менен айыл чарба продукцияларын экспорттоодо Казакстандын бажы көзөмөлүндөгү тоскоолдуктарды жоюуга аракет кылышы керек. Мисалы, ошол эле Армения биримдикке Кыргызстан менен катар эле мүчө болуп кирген, бирок экспорттук мүмкүнчүлүгүнөн көп пайда таап жатат. Анткени алардын Россия, Беларусь өлкөлөрүнө айыл чарбасын экспорттоо мүмкүнчүлүгү бизге салыштырмалуу жогору болууда", - деди ал.

Эксперт белгилегендей, учурда ЕАЭБге кирүүгө кызыкдар болгон мамлекеттер көбөйүүдө.

Пикир

Оставить комментарий