• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Эл аралык байкоочулар шайлоо тууралуу эмне дешет?

Коом 0


Бишкек, 17.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда добуш берүү мыйзам чегинде жана ыңгайлуу шартта өтүп жатат. Бул тууралуу эл аралык байкоочу Ольга Дорошенко билдирди.

Ал Бишкек шаарынын аймагында алты шайлоо тилкесин кыдырганын белгиледи.

“Добуш берүү жалпысынан мыйзам чегинде өтүп жатат. Бишкек шаарындагы 6 шайлоо тилкесин кыдырып келдик. Азырынча биз участкалык комиссиялардын ишинде эч кандай мүчүлүштүктөрдү көргөн жокбуз. Тескерисинче, баары абдан так жана туура уюштурулган. Участкалык комиссиялардын бир нече өкүлдөрү менен сүйлөштүк, менде азырынча жакшы гана таасирлер бар экенин айткым келет. Техникалык жабдуулар боюнча айтсам, биздин байкоо учурунда эч кандай тоскоолдуктарды жана бузуулуларды көргөн жокбуз. Шайлоо процесси ачык өтүп жатат”,-деди эл аралык байкоочу.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоого Азербайжан, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Молдова, Монголия, Россия, Түркия жана Өзбекстандан келген бир катар эл аралык байкоочулар мониторинг жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий