• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте өлкө тарыхында биринчи жолу аял-прокурорлордун форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Башкы прокуратурада 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө жана прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата тарыхта биринчи жолу "Прокуратура органдарындагы аялдардын ролу" аттуу форум өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Форумда башкы прокурор Курманкул Зулушев айымдардын алдыдагы майрамы менен куттуктап, алардын прокуратура органдарындагы ролу жана эмгеги эбегейсиз зор экендигин айтты.

"Кыргыз прокуратурасы мыйзамдуулуктун жана укуктук системанын калыптанышынын күзгүсү болсо, прокуратура системасынын айымдары адам укуктары менен эркиндиктерин коргоодо, акыйкат издеп кайрылган ар бир жаранга колдоо көрсөтүүдө, мыйзамдуулукту туу тутуп, кесипкөйлүктүн, адилеттүүлүктүн, принципиалдуулуктун чыныгы үлгүсү”, – деп баса белгиледи ал .

Ошондой эле, башкы прокурор көзөмөл органында эмгектенген айым кызматкерлерди ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады.

Жалпы республика боюнча прокуратура органдарында эмгектенген айымдардын катышуусу менен өткөрүлгөн форумда "Мамлекеттик башкарууда аялдардын ролу", "Кызматтык мамилелердин этикасы” сыяктуу темаларда баяндамалар жасалып, суроо-жооптор менен коштолуп, талкуулар жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий