• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте азык-түлүк дүкөнүн тоногондор кармалды

Коом 0

Бишкек, 06.02.18. /Кабар/. Милиция кызматкерлери Бишкекте азык-түлүк саткан дүкөндү тоноого шектелген үч адамды кармаган.

ИИББдин маалыматы боюнча, 3-февралда дүкөндүн ээси милицияга арыз менен кайрылган. Анда “Жал” кичи районунда болжол менен саат 23:40 чамасында бет кап кийген адамдар сатуучуга тапанча такап, 80 миң сом уурдап кетишкендерин айткан.

Ыкчам кызмат тарабынан кылмыштуу топ кармалган.

Маалыматка ылайык, кармалган кылмыштуу топтун кеминде жети тоноо фактысына тиешеси бар.

Билдирүүгө ылайык, шектүүлөр дагы бир кол салууну пландап жатышкан. Кармалгандардын бардыгы мурда соттолгондор. Учурда иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий