• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЭСКМ башчысы Эл аралык жашоо жана саламаттык чектөөлөрүнүн классификациясын колдонуу принциптери боюнча семинарга катышты

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова Ысык-Көл облусунда өткөн Эл аралык жашоо жана саламаттык чектөөлөрүнүн иштөө классификациясын колдонуу принциптери боюнча семинарга катышты. Бул тууралуу ЭСКМ басма сөз кызматы билдирди.

Семинар ведомство тарабынан Бүткүл дүйнөлү банктын колдоосу менен “Саламаттык сактоо жана социалдык коргооSWAp-2 долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаттары - Эл аралык жашоо жана саламаттык чектөөлөрүнүн иштөө классификациясынын милдеттерин, принциптерин, мазмунун жана түзүмүн аныктоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардар берүү, калыбына келтирүү программаларын аныктоо болуп саналат.

“Учурда биздин милдет, биринчи кезекте, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштөөдө аларды калыбына келтирүү, коомго аралаштырууну камсыздаган мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдардын өз ара түшүнүүлөрү калыптандыруу болуп саналат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштөөнүн жигердүү чараларын колдонуу стандарттарын киргизүү керек”, - деп белгиледи министрдин орун басары.

Семинарда министрликтердин, ведомстволордун жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий