• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Эл аралык бокс ассоциациясы мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар тапшырды

Спорт 0


Бишкек, 09.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) кыргызстандык боксчу, Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Бокс федерациясы билдирди.

Маалым болгондой, Дубайда өткөн Глобалдык бокс конгрессинде IBAнын президенти Умар Кремлев Олимпиаданын медаль ээлерин сыйлап, алардын эл аралык аренадагы жетишкендиктерин белгиледи.

«Бокс боюнча эл аралык ассоциациянын президенти Умар Кремлев Олимпиаданын медаль ээлерин сыйлады. Алардын арасында Мунарбек Сейитбек уулу дагы бар. Ал бокстун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйланды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимп оюндарынан бокс боюнча күмүш медаль алган алгачкы спортчу. Ал Париж Олимпиадасында күмүш медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий