• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү суучул Елизавета Печерских тууралуу учкай маалымат

Спорт 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын отунун Париж шаарында жандырылышына туура 4 күн калды. Төрт жылда бир өткөрүлчү ири мелдеште бул ирет 10 миңден ашык спортчу күч сынашат.

Кыргызстандын атынан 27-июлда суучул Денис Петрашов алгачкылардан болуп оюндарга катышат. Ал 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзөт. Ал эми 3-августта Елизавета Печерских 50 метрге эркин сүзүү менен мелдешке чыгат.

Алдыда 20 жаштагы суучул Елизавета Печерских тууралуу кыскача маалыматтарды топтодук.

Өмүр баяны: Елизавета Печерских 2004-жылы 25-августта Бишкек шаарында туулган. Сууда сүзүү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Бир катар эл аралык турнирлердин байгелүү орундарынын ээси.

Спорттогу жетишкендиктери:
• Азия чемпионатынын 2 күмүш медалынын ээси (Индия, 2019);
• Азия чемпионатынын 3 коло медалынын ээси (Индия, 2019);
• Сууда сүзүү боюнча эл аралык турнирдин алтын медалынын ээси (Россия, 2017);
• Сууда сүзүү боюнча Азия оюндарынын катышуучусу (Индонезия, 2018);
• Сууда сүзүү боюнча эл аралык турнирдин күмүш медалынын ээси (Люксембург, 2018);
• Дүйнө чемпионатынын катышуучусу (Түштүк Корея, 2019);
• Эл аралык турнирдин жети алтын медалынын ээси (Казакстан, 2020);
• Лицензиялык турнирде бир алтын, эки күмүш медалдын ээси (Өзбекстан, 2021);
• Дүйнө чемпионатынын катышуучусу (Катар, 2024).

Пикир

Оставить комментарий