• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эл аралык VIII Art-Ordo театр фестивалы онлайн старт алды

Маданият 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-декабрында VIII эл аралык Art-Ordo театр фестивалы онлайн форматта ачылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ачылыш Алыкул Осмонов атындагы кыргыз Улуттук китепканасында өтүп, ага театр ишмерлери жана маданият өкүлдөрү аралыкта катышты.

Сегизинчи ирет өтүп жаткан фестиваль Кыргыз Республикасынын эл артисти Искендер Рыскуловдун 80 жылдыгына арналып, ага жалпы 13 спектакль ат салышат.

Фестивалдын жыйынтыгы 17-декабрда чыгып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.

Эл аралык фестивалга Кыргызстандын театрлары менен бирге, Казакстан жана Татарстан Республикасынын дагы театрлары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий