• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз акындарынын чыгармалары өзбек тилинде жарык көрөт

Маданият 0

Ташкент, 25.12.20. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Келерки жылы Өзбекстанда бир катар кыргыз акындарынын чыгармаларын атайын китеп катары басмадан чыгаруу эрежелештирилүүдө. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине «Өзбекстан-Кыргызстан» Достук коомунун төрагасы, өзбекстандык белгилүү манас изилдөөчүсү, котормочу жана публицист, филология илимдеринин кандидаты, доцент Зухриддин Исамутдинов Ташкентте Чыӊгыз Айтматовго арналган фотокөргөзмөдө билдирди.

Анын айтымында, атактуу кыргыз акындары Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев жана Сооранбай Жусуевдин чыгармаларын белгилүү поэзия усталары Турсунбай Адашбаев жана Курбан Саттор өтө чебердик менен өзбек тилине которушкан.

«Өзбекстандыктар кыргыз адабияты дегенде эӊ оболу Чыӊгыз Айтматовду элестетишет. Бирок, жалпы кыргыз адабияты жалаӊ бир-эки эле адамдан турбайт. Чындыгында, кыргыз адабияты тереӊ тарыхка ээ, өтө бай, инсанияттын руханий ааламында өзгөчө орунга ээ. Негизги максатыбыз учурдагы кыргыз адабиятынын залкар жана жаш өкүлдөрүнын чыгармалары менен өзбек окуучуларын, адабият күйөрмандарын кенен тааныштыруу, кадимден уланып келе жаткан өзбек-кыргыз адабий достугун жандандыруу, кайра мурдагы калыбына келтирүү болуп саналат», - деп айтты өзбек окумуштуусу.

Белгилей кетсек, Зухриддин Исамутдинов «Манас» эпосун өзбек адабиятына таасири тууралуу кандидаттык диссертациясын жактаган, «Манас» эпосун, Токтогулдун чыгармаларын жана башка бир катар кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын өзбек тилине которуп, кыргыз-өбек достугунун чыӊдалышына байсалдуу салым кошуп келе жаткан инсандардын бири.

Пикир

Оставить комментарий