• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Эл өкүлдөрү Жалал-Абаддагы ипотекалык турак жайлардын курулушу менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети көчмө жыйындын алкагында Жалал-Абад шаарында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому тарабынан курулуп жаткан үйлөрдү жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча жалпы аянты 454 миң 548 чарчы метр турак жай куруу пландалууда. Аталган объектилер 2025-жылдын экинчи кварталынан тартып 2026-жылдын үчүнчү кварталына чейин пайдаланууга берилмекчи.

Белгилей кетсек, комитет мүчөлөрү курулуп жаткан турак жай комплекстерин жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоо системаларынын иши тууралуу маалымат алышып, от казандардын сапатына жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтышты. Буга тиешелүү жетекчилер аталган жылытуу системалары заманбап талаптарга жооп берерин жана бир эле учурда газ менен да, мазут менен да иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин маалымдашып, бир катар объекттерде борбордук жылытуу тутумдарына кошулуу каралганын кошумчалашты.

Эл өкүлдөрү жаңы турак жай комплекстеринин сапатын, энергетикалык натыйжалуулугун жана инженердик-коммуникациялык түйүндөрүнүн туруктуулугун камсыздоого байланышкан бир катар маселелерди көтөрүштү.

Мындан тышкары, ишке ашырылып жаткан долбоордун социалдык аспектине да өзгөчө көңүл бурулду. Алсак, депутаттар жарандарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылууга өбөлгө түзүүчү механизм катары ипотекалык насыялоонун маанилүүлүгүн баса белгилешип, ошондой эле курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы социалдык инфраструктураны да өнүктүрүүгө чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий