• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Элчи Аскар Бешимов Нью-Делидеги дипломатиялык кайрымдуулук базарына катышты

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Индиядагы элчиси Нью-Делиде өткөн Дели Аялдар Ассоциацияларынын Шериктештиги (DCWA) чет мамлекеттердин элчиликтери менен биргеликте уюштурган 34-эл аралык кайрымдуулук дипломатиялык базарына катышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, дипломатиялык базардын расмий ачылышы башкы конок катары чакырылган Кыргыз Республикасынын Элчиси Аскар Бешимовдун катышуусунда өттү.

Белгиленгендей, элчи иш-чаранын уюштуруу комитети менен биргеликте өз өлкөлөрүнүн түрдүү товарларын жана продукцияларын тартуулаган катышуучу өлкөлөрдүн жана индиялык компаниялардын павильондорун карап чыкты.

"Кыргызстандын элчилиги келген көрүүчүлөргө жибектен, жүндөн колго жасалган буюмдарды, салттуу сувенирлерди, бал, кургатылган жемиштерди жана кондитердик азыктарды тартуулады",-деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын 11-декабрды Эл аралык тоо күнү деп жарыялоо демилгесинин алкагында тоо пейзаждары тартылган сүрөттөр менен элчиликтин стенди жергиликтүү тургундардын жана дипломатиялык корпустун чоң кызыгуусун жаратты.

Маалымат үчүн: 30га жакын дипломатиялык өкүлчүлүктөр катышкан иш-чаранын негизги максаты - кайрымдуулука каражат чогултуу. Сувенирлерди жана тамак-ашты сатуудан түшкөн бардык каражат Нью-Делинин Замрудпур районундагы өзгөчө муктаждыктары бар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн социалдык мекеменин муктаждыктарына жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий