Ташкент, 20.01.25. /Төлөнбай Курбанов - Кабар/. Кыргызстандын жаңы элчиси Дүйшөнкул Чотонов бүгүн Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидовко ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды, деп билдирет Өзбекстандын Тышкы иштер минисрлигинин басма сөз кызматы.
Жолугушуу мезгилинде тараптар мындан аркы эки жактуу кызматташуунун түрдүү тармактардагы келечегин талкуулашты.
Бахтиер Саидов өзүнүн Telegram каналында мамлекеттерибиздин ортосундагы бир туугандык байланыштар бардык тармактарда иретүүлүк менен өнүгүп жатканын баса белгиледи. "Биз мурда болбөгөн ийгиликтерди көрүп жатабыз жана эки тараптуу мамилелердин бардык мүмкүнчүлүктөрүнүн келечеги кенен», деп жазды.
Эскерте кетсек, Дүйшөнкул Чотонов былтыр декабрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган.
Буга чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев болгон.
Пикир
Оставить комментарий