Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Астанада 6-декабрда Кыргызстандын элчиси Дастан Дюшекеев менен Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденовдун жолугушуусу болуп өттү.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда миграциялык кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланып, эки өлкөнүн жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча тыгыз кызматташууну жана үзгүлтүксүз диалогду улантууну макулдашышты.
Пикир
Оставить комментарий