• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Элчи Султанбаев Минсктеги Трансплантология борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Минск шаарындагы Хирургия, трансплантология жана гематология илимий-практикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

ТИМден билдиришкендей, борбордун директору Олег Руммо медициналык мекеменин ишмердүүлүгү жана дарылоо ыкмалары тууралуу маалымат берди. Бүгүнкү күндө бул жерде органдарды трансплантациялоо боюнча операциялардын түрлөрү жасалат. Акыркы жылдары борбордун материалдык-техникалык базасын жаңыртуунун натыйжасында бир катар жаңы медициналык корпустар курулуп, алдыңкы медициналык техникалар жана дүйнөлүк стандарттагы жабдуулар сатылып алынды.

Кыргызстанда мындай маселенин актуалдуулугун эске алуу менен, Эрбол Султанбаев жана Олег Руммо биргелешкен кызматташуу келечегин, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана медицина адистеринин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий