Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Армениянын Россиядагы элчиси Арутюнян Вагаршак Варназович менен 18-мартта Москва шаарында жолугушту.
Элчиликтен кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-армян мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Пикир
Оставить комментарий