• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте КРнын ЕБ менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 13-жыйыны болуп өттү

Саясат 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 13-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Европа Биримдигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн делегациясы, кеңештин мүчөлөрү жана КРнын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Европа Биримдигинин Кыргызстан үчүн 2021-2027-жылдарга карата көп жылдык Индикативдик программасынын презентациясы болуп өттү, ошондой эле 2021-2027-жылдарга Борбордук Азия үчүн Аймактык индикативдик программаларынын алкагында эки тараптуу жана аймактык кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары тиешелүү эки тараптуу жана аймактык программаларды, ошондой эле Европа Биримдиги менен программалык жана долбоордук иш-чаралардын артыкчылыктуу багыттар боюнча (башкаруу жана санариптештирүү; адамдык өнүгүү; климаттын өзгөрүшүнө туруктуу жашыл экономика) кызматташууну бекемдөө боюнча демилгелерди илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Координациялык кеңештин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы программаларынын жана долбоорлорунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар комплексин чагылдырган протокол кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий