• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Элчи Исмаилова Кореяга иштегени барган кыргызстандыктарды тосуп алды

Коом 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Инчхон эл аралык аэропортунда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореяга сезондук айыл чарба жумуштарына келген КРнын 62 жаранын тосуп алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КРнын Ош облусунун Өзгөн районунан барган 62 жаранды тосуп алууга элчи менен бирге Кореянын Хамъянг шаарынын алмашуу жана кызматташуу департаментинин өкүлдөрү келишкен.

Элчи мекендештер менен саламдашып, аларга ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалап, келген өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин, атап айтканда виза режимин сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымдады.

Белгиленгендей, элчилик КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө жана жардам берүүгө даяр.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-июнда Өзгөн районунун 62 жашоочусу КР Эмгек министрлиги менен Кореянын Хамъянг шаарынын алмашуу жана кызматташуу департаментинин ортосунда кызматташуу келишимине ылайык жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий