• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Элчи Өмүрбек Текебаев Германиянын «EDUVISO» компаниясынын жетекчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Кечээ, 29-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев германиялык «EDUVISO» компаниясынын жетекчиси Торстен Свобода менен жолугушуп, мындан аркы кызматташтыкты жигердетүү тууралуу ой-пикир алмашуу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Т.Свобода «EDUVISO» компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу баяндап, 2019-жылдан баштап Кыргызстандагы медициналык колледждер менен кызматташып, 80ден ашык студент-медайымдарды түздөн-түз адистик жана немис тилин окутуп жатканын жана келечекте алар Германиядан практика өтүп жана иштөөгө мүмкүнчүлүгү пайда болорун маалымдады. 2022-жылы Германияга колледждердин биринчи бүтүрүүчүлөрү стажировкага келет.

Элчи О.Текебаев бул жаатта системалык түрдө алып барылып жаткан иштин маанилүүлүгү тууралуу жана Кыргызстанда немис тилин билген медайым-адистердин Германияда талапка ээ болорун белгилеп, кыргыз тарап «EDUVISO» компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө көмөктөшүүгө даяр экенин маалымдады. Андан тышкары, элчилик тарабынан германиялык тарап менен Кыргызстанда уюшулган түрдө немис тили менен кошо башка адистиктер жана кесиптер боюнча билими бар квалификациялуу адистерди Германияга тартуу боюнча иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Т.Свобода жакынкы арада КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Германиянын «EDUVISO» компаниясынын ортосунда тыгыз кызматташуу жана кызматташуунун багыттарын кеңейтүү максатында тиешелүү Келишимге кол коюу пландалып жатканын билдирди

Пикир

Оставить комментарий