• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз-казак милициясы кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташтыкты кеңейтет

Коом 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевдин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн приоритеттүү негиз болорун белгиледи.

“Кыргыз-казак мамилелери көп жылдык биргелешкен тарыхтан, маданияттан жана эң башкысы – элдердин бир туугандыгынан негизделет. Өткөн жыл биздин мамлекеттердин ички иштер министрликтери үчүн абдан жемиштүү жыл болду деп эсептейм. Чек арага чектеш облустардын жана райондордун ички иштер органдарынын жетекчилеринин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен ишинин натыйжалуулугун белгилөөгө болот. Бул, албетте, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуунун негизги фактору болуп саналат” - деди Ниязбеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көптөгөн жылдар бою өлкөлөр ортосундагы келе жаткан достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө өз ишенимдерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий