• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Элчи Султанбаев “Беларусь-Кыргызстан” достук коомунун төрайымы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Заславль шаарына иш сапары менен барып, шаар башчысы, ошондой эле “Беларусь-Кыргызстан” достук коомунун төрайымы болгон Светлана Карташева менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле Кыргызстан менен Беларусь шаарларынын ортосундагы боордоштук мамилелерди кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

Элчи Эрбол Султанбаев Светлана Карташевага "Беларусь-Кыргызстан" достук коомунун төрайымы катары өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз аймагында 700дөн ашык ишканаларды камтыган, Заславль шаары тараптардын ортосундагы мумкун болгон өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн жакшы өнөр жай потенциалына ээ.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы шаардын алдыңкы ишканалары менен таанышты, анын ичинде Беларустун белгилүү кийим брендинин өндүрүш базасы, пластиктен жасалган медициналык буюмдарды чыгаруучу ишкана, мотор майларын жана майлоочу майларды чыгаруу боюнча Германиянын ири концернинин өкүлчүлүгү.

Жыйынтыгында ишканалардын жетекчилери менен алардын продукциясын Кыргызстанга жеткирүү жана биргелешкен кооперация долбоорлоруна катышуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий