Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Бүгүн, 20-декабрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловго ишеним грамота тапшырды.
КРнын Өзбекстандагы элчилигинен кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын мындан ары карай өнүгүшүн ишке ашырууга кызыкдарлык билдиришти.
Пикир
Оставить комментарий