• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өкмөт баскычтуу долбоорлоону жана курулушту ишке киргизүүчү Мыйзам долбоорун парламентке жөнөттү

Өкмөт 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын курулуш тармагындагы айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактырып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөттү.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгелениши курулуш тармагында бир катар чечилбеген маселелер орун алгандыгы менен шартталган.

Курулуш маанилүү көп багыттуу тармак катары өлкө экономикасынын өнүгүү темпин аныктайт. Курулуш тармагында иштеген юридикалык жактар ЖЭС, ЖЭБ, ГЭС, түтүн чыгаруучу түтүктөрдү, мунараларды, көпүрөлөрдү, жер алдындагы жер үстүндөгү өтмөктөрдү, магистралдык куур өткөргүчтөрдү, эл аралык аэропортторду, темир жол вокзалдарын, магистралдык темир жолдорду курууда долбоордук документацияларды макулдашууда бир катар көйгөйлөргө учурашат.

Объектти долбоорлоодо жана анын шайкештигин баалоо үчүн мамлекеттик экспертизага киргизүүдө буюртма ээлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө Жобого ылайык долбоорду беришет. Масштабдуу мүнөзгө ээ болгон объекттерде долбоор бир комплексти түзгөн бир катар курулуштардан тургандыктан экспертиза жүргүзүү мезгили узарат.

Курулуштардын жана ишке киргизүүчү комплекстердин кезегин эске алуу менен, долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу аркылуу курулуш долбоорлорунун негизинде жүргүзүү (этап менен), убакытты кыскартат жана өз объекттерин убагынан мурда берүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Белгилеп кетүүчү жагдай, учурда мындай ченемдин жоктугунан Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин объекттерин куруу токтоп турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 493 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобо" күчүн жоготкондугуна байланыштуу объекттерди курууга уруксат документтерин алуу көп убакытты талап кылат, Өкмөт аралык макулдашуунун алкагындагы долбоорду ишке ашыруу жана аягына чыгаруу созулуп жатат жана белгиленген мөөнөттө тиешелүү объекттер эксплуатациялоого киргизилбей турат.

Республикалык масштабдагы мааниге ээ инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишке ашыруу мөөнөтүнүн аздыгынан подрядчыларга этап менен долбоорлоо мүмкүнчүлүгү зарыл.

Жарыш долбоорлоо жана куруудагы мурунку тажрыйбаны талдоо менен бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын максималдуу түрдө эске алуу менен этап менен долбоорлоо жана куруу концепциясы куруу жана долбоорлоо маселелерин жөнгө салуудагы оптималдуу вариант болуп саналат.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, аталган мыйзам долбоору коомдук талкуу жүргүзүү максатында 2018-жылдын 18-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылды. Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Курулушчулар уюмунун сунуштары эске алынган.

Пикир

Оставить комментарий