Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев үчүнчү Элдик курултайдын делегаттары менен түз диалог өткөрүп, алардын суроо-талаптарын, көйгөйлөрүн угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча кайрылууларды жеринде кабыл алууда.
Делегаттар негизинен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик органдардагы мыйзам бузуучулуктар, жер боюнча жана социалдык маселелерге байланышкан кайрылууларды узатышты.
Башкы прокурор аталган маселелердин мыйзамдуу чечилишин жеке көзөмөлүнө алаарын жана ар бир арыз-даттануу боюнча кылдат каралып, тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат, президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетининин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышып жатат.
Пикир
Оставить комментарий