• 88.68
  • 95
  • 0.95

Автобус жана троллейбустар демейдегидей иштеп жатышат

Коом 0

Бишкек, 03.04.18. /Кабар/. Бишкекте муниципалдык унаалар – автобус жана троллейбустар кадимки тартипте иштеп жатышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Учурда шаар көчөлөрүндө 127 автобус жана 104 троллейбус иштеп жатат. Кечээ, 2-апрелде түзүлгөн кырдаалга карабастан муниципалдык коомдук унаалар түн бир оокумга чейин шаар тургундарын таштышкан.

Бишкек шаардык мэриясы автобус жана троллейбус айдоочуларын кичи маршруттук унаалардын иш ташантагандыгына карабай, тыгыз иштешкендиги үчүн ыраазычылык билдирет.

Шаардык унаа башкаруу башкармалыгынын маалыматы боюнча, саат 10:00гө карата 65 каттамдагы 1400 жакын кичи автобус линияга чыккан.

Пикир

Оставить комментарий