• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Селекциядагы жолдун тосулушу. Эртай Искаков 2 айга камалды

Коом 0

Бишкек, 17.07.23./Кабар/. Сокулук райондук сотунун чечими менен белгилүү блогер, Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Искаков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.

Ал КР КЖКнин 279-беренеси (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча айыпталууда.

Эске сала кетсек, 14-июлда саат 20:30да Сокулук районунун Селекционное айылында болжол менен 150дөн ашык белгисиз адамдар алдын ала макулдашуу боюнча коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум нормаларын одоно бузушуп, «Ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам» деген шылтоо менен Бишкек-Күн-Туу унаа жолун тосуп, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга таш ыргытышкан.

Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 279-беренесинде көрсөтүлгөн (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренесинде көрсөтүлгөн (Бейбаштык) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иштери козголгон.

2023-жылдын 15-июлунда жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип, 1990-жылы туулган Э.И., 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар КР КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

2023-жылдын 17-июлунда кылмышка шектүүлөргө айыбы угузулуп, аларга карата баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчү Сокулук райондук сотуна келтирилген.

Сокулук райондук сотунун Тергөө судьясынын чечими менен 1990-жылы туулган Э.И. аттуу айыпталуучунун кармалгандыгы мыйзамдуу деп табылып, ага карата Бишкек шаарындагы № 1 Тергөө абагына 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды, ал эми 1974-жылы туулган Б.Б. аттуу айыпталуучуну жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу айыпталуучунун кармалгандыгынын мыйзамдуулугу жана баш коргоо чарасы каралууда.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий