• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Элдик курултайдын делегаттары Оштогу бир катар соцобъектер менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. III Элдик курултайдын делегаттары Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилери менен биргеликте Ош шаарында бир жыл ичинде курулган социалдык объектилерди көрүп чыгышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, делегаттар жакында ачылган Мээркан айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы жаңы мектеп, шаардык клиникалык оорукананын жаңы курулуп жаткан дарылоо-диагностикалык борбору жана жогорку технологиялык жабдыктары бар 300 орундуу кошумча медициналык корпус менен таанышышты.

Мындан тышкары, муниципалдык ипотекалык программанын негизинде Краснофлотская көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушун, "Боорукердик" үй-интернатынын жаңы имаратын, муниципалдык күрөш залы жана оңдоп-түзөлгөн стадионду көрүштү.

Пикир

Оставить комментарий