Бишкек, 14.01.25. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Өлкөдөгү электр энергиясына болгон таңкыстыкты жоюу үчүн чакан ГЭСтерди куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков “Кабар” агенттигине билдирди.
Ал белгилегендей, акыркы жылдары өлкө жетекчилигинин колдоосу менен Камбар-Ата-1 ГЭСин жандандыруу абдан активдүү жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө өкмөт өзүнүн күчү менен даярдык иштерин толук түрдө аткарып жатат.
“Ал жерге азыр инфраструктура, жол, туннель, шаарча өкмөттүн өзүнүн күчү менен салынып жатат. Мындан тышкары, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Учурда ошондой эле күн электр станциялары, шамал электр станцияларын куруу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мына ушулардын баары ишке кирсе, биз электр таңкыстыгынан чыгабыз”- деп белгиледи.
Курсантбек Өмүрбековдун айтымында, электр станцияларын куруу план боюнча 2027-жылга туш келет.
Пикир
Оставить комментарий