• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

"Электрондук каттоо" программасы аркылуу мектепке кирбей калган балдарды кабыл алуу комиссиясы иштеп баштады

Коом 0

Бишкек, 15.08.19 /Кабар/. Бүгүн, 15-августтан баштап "Электрондук каттоо" программасы аркылуу мектепке кирбей калган балдарды 1-класска кабыл алуу комиссиясы иштеп баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Комиссиялар 15-августтан 25-августка чейин саат 15:00дөн 19:00гө чейин иштешет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча өз ишин баштаган комиссиялар төмөнкү билим берүү борборлорунда документтерди кабыл алышат:

-Биринчи Май райондук билим берүү борбору (Москва көчөсү, №121 үй), Рахат Мусаева - байланыш телефону: 66-06-89;

- Свердлов райондук билим берүү борбору (Кийизбаев көчөсү, №91 үй), Махабат Керимбекова - байланыш телефону: 68-79-70;

-Ленин райондук билим берүү борбору (Чүй проспектиси, №315 үй), Гүлзат Алымкулова - байланыш телефону: 65-68-93;

-Октябрь райондук билим берүү борбору (Жукеев-Пудовкин көчөсү, №150 үй), Анара Турдакунова - байланыш телефону: 57-70-85;

Пикир

Оставить комментарий